• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

УКМК: Баткенде коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кеңешме президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Т.Мадьяровдун, сот органдарынын, прокуратуранын, ИИБнын, ӨКМдин, УКМКнын Чек ара кызматынын жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга жалпы 350дөн ашык адам катышты.

Жыйындын башында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Сыдыков облустагы коррупцияга каршы күрөштүн абалы жана өлкө мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди.

Ошондой эле УКМК өкүлдөрү иш-чаранын катышуучулары үчүн "Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы жана мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө беришти.

Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдар аралыгында коррупциялык кылмыштарды абсолюттук түрдө жок кылуу милдети коюлганы айтылды. Буга байланыштуу Баткен облусунун мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызматкерлерине коррупцияны ишке ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилди.

Коррупция фактылары аныкталган учурда КР Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында соттолгон адам жана анын жакын туугандары белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салууга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылып, күнөөлүү адамдар келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен эркинен ажыратылат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат жеткирүү, ошондой эле туруктуу негизде коррупциялык укук бузуулардын алдын алууну камсыздоо тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий