Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. "Беспредел KG" баракчасынын администратору камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, аймактар аралык жаңжалды козуткан деген факты боюнча «Беспредел KG» баракчасынын администратору кармалып, УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылган.
"Ал бир нече жолу аймактар аралык жаңжалды козутууга үндөгөн жалган жана чагымчылдык мүнөздөгү маалыматтарды таратып, жарандарды мыйзамсыз жана зордук-зомбулук иш-аракеттерге түрткү кылып, колдонуучулар арасында каршы ойлорду жаратып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча маетиалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча катталган.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий