УКМК: Бишкек ЖЭБнин адиси пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) адиси пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 3 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек ЖЭБнин адиси С.Э.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБнин аккредиттелген химиялык лабораториясынын жооптуу адиси, акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштуруп, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын бурмалап даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий