• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Исаковду сотко күчтөп алып барышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Исаковдун адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдиргендей, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сотко күчтөп алып барышты.

«Бирок Исаков башка айыпталуучулар менен чогуу процесске катышуудан баш тартууда», - деди адвокат.

Жактоочу айыпталуучулардын дагы кимиси процесске катышуудан баш тартып жаткандыгын билдирген жок.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий