• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директорун кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүндөгү окуу мекемелеринин жетекчилеринен системалуу түрдө пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Тактап айтканда, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору А.Б.Т. окуу жайларды текшерүү жана ревизия жүргүзүү шылтоосу менен жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринен системалуу түрдө акча каражатын "чогултуу" менен алектенери аныкталды.

Аталган кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө А.Б.Т.нын иштеген жана жашаган дареги боюнча тинтүү жүргүзүлүп, акча каражаты табылды.

2024-жылдын 10-июлунда А.Б.Т. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий