УКМК: Чек ара кызматкерлерине пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды.

Ушул жылдын 14-январында Кылмыш-жаза кодексинин “Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен районунда КР жарандары 1982-жылы туулган А.Т.Р., 1982-жылы туулган Т.И.Б. жана 1988-жылы туулган А.А.А. кармалып, тергөө абагына тергөө убагы бүткөнчө камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий