• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Маданият министрлигинин статс-катчысы көрсөтмө берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек. 26.11.19. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Сотто күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы кызматын ээлеген Бактыбек Секимов чакырылган.

Анын айтуусу боюнча, өкмөттөн көзөмөлдөө, текшерүү жана башка баардык жумуштарды Курулуш, архитектура жана турак жай мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүү тууралуу буйрук келип түшкөн.

“Бул жакка түрк архитекторлору келип, биз аларга баардык документтерди камдап берген элек. Иштер 31-август күнүнө карата бүтүшү керек эле, бирок түрк тарап материалдарды кечигүү менен алып келген”, - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий