• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү, Өзбекстандын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргызстандын жараны П.О.А. кармалды.

Атап айтканда, Өзбекстандын аймагына КР жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон "чарс" баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган «Х.Ш.Ш.» кармалды.

Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган П.О.А. Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий