• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

УКМК Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысын кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.Б. аттуу нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы оорулуу балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөн. Алынган каражаттардын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин жеткен.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий