• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

УКМК Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарын кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын "Ачы" массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Б.У.А. кармалды.

Тактап айтканда, Б.У.А. Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын "Ачы" массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз бергендиги аныкталды.

Ошентип, 30-августта козголгон кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүнү уюштурууга катышкандыгы үчүн Б.У.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий