• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

УКМК: Нарында тергөөчү жана прокуратура кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Нарын облустук милициясынын тергөөчүсү жана Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жогору аталган кызматкерлер тарабынан кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Аталган факты боюнча тиешелүү арыздын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, тактап айтканда, ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Күн мурун, 5-мартта 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Нарын облустук милициясынын тергөөчүсү кармалган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Нарын облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.С. жана Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү Э.Н. козголгон кылмыш иши боюнча арыз ээсинин маселесин оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде көзөмөл органынын кызматкери, ошондой эле облустук милициянын тергөөчүсү кармалып, белгиленген мөөнөттө УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө тиешелүү айып тагылып, бөгөт коюу чарасын тандоо маселеси чечилет.

Пикир

Оставить комментарий