• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Атада аялга өз үйүндө кол салышкан. Экинчи шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү жарандардын экинчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрь айында Октябрь райондук ИИБине 1989-жылы туулган Ц.А. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 6-октябрь күнү болжол менен саат 08:00 чамаларында анын Ново-Покровка айылындагы үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, аны коркутуп, денесине залал келтирип, акча каражатын жана үйүнүн ачкычтарын алып, ошол боюнча белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Чогултулган материалдар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн окуя катталган жери боюнча Ысык-Ата РИИБине жөнөтүлгөн. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында өткөн жылдын декабрь айынын орто ченинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1986-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, тиешелүү сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаган соң материал сот органдарына өткөрүлүп берилип, жогорудагы кылмышка тиешеси бар деген шектүүлөрүн үстүнөн ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүү үчүн өзүнчө иш бөлүнүп, өндүрүшкө алынган.

Чүй облустук ИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында 2021-жылдын 18-март күнү жогорудагы кылмышка катыштыгы бар деген шек менен, 1991-жылы туулган Ч.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий