• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

УКМК төрагасы Чыныбай Турсунбековдун мамлекетке өткөрүлгөн мүлкү тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Чыныбай Турсунбековдун мамлекетке өткөрүлгөн мүлкү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, кылмыш ишинин алкагында Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык баасы 2 млрд 40 млн сомду түзгөн “Капитал Банк” ААКсынын 100 пайыз үлүшү мамлекетке өткөрүлдү.

Ошондой эле Ташиев белгилегендей, Чыныбай Турсунбековдун ээлеп алган "Бишкек" ликер-арак заводу ЖЧКсы да толук бойдон мамлекетке өткөрүлдү.

“Чыныбай Турсунбековдун аялы кайсы бир алдамчылар менен байланышып, ошонун негизинде мени, УКМКнын төрагасын пара менен кармайбыз деп, мага 5 млн доллар даярдашкан. Бул жерде чет элдик да бир эки башка кызматтар катышкан. Бирок, биздин балдардын кыраакылыгы менен ошол алдамчылар кармалып, 5 млн долларын мамлекетке өткөрүп койдук. Алар менин 1 сом да пара албастыгымды билишпейт окшойт. Бул аларга сабак болду”, - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий