• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Тилек Матраимов уулу жана жакын туугандары менен чек арадан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасында кармалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн учурда Тилек Матраимов туугандары (уулу, жээндери) менен кошо кармалган.

УКМК Тилек Матраимов Өзбекстандын чек арачыларында экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси.

Пикир

Оставить комментарий