• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК жылдын I жарымында мамлекеттин казынасына 50 млрд сом кайтарды

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Бүгүн төрага Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү.

Коллегиянын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев соңку жылдары Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жаатында УКМК кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө чоң натыйжа бар экенин баса белгиледи.

Өзгөчө Коопсуздук кызматкерлеринин ыкчам жана күжүрмөн иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүнкү күндө өлкө казынасына кымырылган каражаттар кайтарылып, алсак, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында эле УКМК кызматкерлери тарабынан тарыхта биринчи жолу 70 млрд сомдон ашык каражат аныкталып, анын 50 млрд сому кыска мөөнөт ичинде мамлекеттин казынасына өткөрүлгөндүгү маалымдалды.

Мындан улам Ташиев өлкө тынчтыгын камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу багытында коюлган тапшырмаларды так аткаруу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, тартип орнотуу, баңгизаттарга, эктремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеп, УКМК кызматкерлерине бир катар багыттар боюнча тийиштүү тапшырмаларды милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий