• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарынын комендатурасына жарандардан кандай суроолор келет?

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгенден бери, шаар тургандарында Бишкек шаарынын комендатурасына көп суроолору болууда. Бишкек шаарынын комендатурасы алардын айрымдарына жооп даярдаган.

Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби?

- Сөөк коюуга бара жаткан унаа жана бир нече адамдарга жарактуу, мөөнөтү чектелген убакытка гана өткөрмө кагаздары берилет.

Ошондой эле тажияга бара жаткан адамдар маршруттук баракча түзүп, анда бара турган жердин дареги жазылышы зарыл жана аларда каза болгон адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү болушу керек.

Жарандар карантинге алынбаган аймактардан карантин болгон аймактарга жумушка жете албай жатышат? Эмне кылуу керек?

- Мекемелердин кызматкерлери уюм же ишкана бөлүп берген кызматтык транспорт менен гана жүрүүгө тийиш. Биз Бишкек комендатурасынын 5- жана 6-буйругуна ылайык, шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу тармагында иштеген кызматкерлерди ташуу боюнча жаңы алгоритм иштеп чыктык. Жакынкы убакта аларды жарыялайбыз.

Эгер катталган жери Бишкектен сырткары болсо, шаарда кантип жүрүүгө болот?

- Биз жашаган жердин аймагында болууну сунуш кылабыз. Өзгөчө абал эрежелерин сактаңыз, себеби жок сыртка чыксаңыз санитардык-карантиндик посттордон өтө албайсыз.

Үйдөн 1,5 чакырымдан алыс чыгууга болобу?

- Эгер өтө зарыл болсо жана бул радиуста дарыканалар же дүкөн жок болсо, маршруттук баракча боюнча үйдөн 1,5 километрден алыс чыкса болот. Маршруттук баракчада ал пункттар сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий