• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спартакиада жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бардык облустук башкармалыктарынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле ардагерлердин катышуусунда УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол тенниси боюнча өттү.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды.

Спартакиаданын жабылыш аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун кепилдиктеринин бири катары спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин дене тарбия деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тийешелүү тапшырмалар өздүк курамга берилди.

Пикир

Оставить комментарий