Кыргызстан менен Германиянын парламенттер аралык алакаларын арттыруу маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Германия Бундестагынын депутаты, Федералдык өкмөттүн көчкүндөр жана улуттук азчылыктар иштери боюнча ыйгарым укуктуу Натали Павлик менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашып, ошону менен бирге боюнча миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Алгач комитет төрагасы Кыргызстан Германия менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп: «Сиздин Бишкекке болгон иш сапарыңыз кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү контекстинде абдан маанилүү», - деген Улан Примов Натали Павликтин катышуусунда өткөн немис иштери боюнча кыргыз-герман өкмөттөр аралык комиссиясынын бүгүнкү отурумунун жыйынтыктарына токтолду.

Муну менен катар парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү тууралуу сөз кылган комитет төрагасы Жогорку Кеңештин Бундестаг менен мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Улан Примов КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2024-жылы Германияга сапарын уюштуруу, Кыргызстанды жаш адистер үчүн парламенттик стипендиялардын тизмесине киргизүү, дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди орнотуу маселелерин ортого салды.

Өз кезегинде Германия Бундестагынын депутаты, Федералдык өкмөттүн көчкүндөр жана улуттук азчылыктар иштери боюнча ыйгарым укуктуу Натали Павлик кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, экономика, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында өз ара аракеттенүүнүн чоң потенциалына көңүл бурду. Ошол эле учурда ал бардык айтылган демилгелер иштелип чыгаарын белгилеп, жогорку окуу жайлардын дипломдорун өз ара таанууну сунуштады.

Жолугушуунун соңунда тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий