• 87
  • 89.63
  • 0.85

Уланбек Султанов КМШга мүчө мамлекеттердин баңгизатка каршы бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кеңешмесине катышты

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Күн мурун Россия Федерациясынын Ички иштер министринин орун басары, полициянын генерал-полковниги Андрей Храповдун төрагалыгы алдында КМШнын курамындагы мамлекеттердин компетенттүү органдарынын баңгизаттарга каршы бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кеңешмеси өттү.

ИИМден билдиришкендей, отурумдун алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигинде баңги кырдаалынын өнүгүү тенденциясы, ошондой эле кибермейкиндиктеги баңги кылмыштуулуктун абалы жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга каршы туруу практикасы каралды.

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар Шериктештик өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын аягында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга багытталган биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий