• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Улукбек Марипов Эр-Риядда БУУнун "Бирдиктүү суу" саммитине катышты

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. 3-декабрда Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында"Бирдиктүү суу" саммитине катышты.

Тышкы иштер минисрлигинен билдиришкендей, саммит БУУнун чөлгө каршы күрөшүү боюнча Конвенциясынын (COP16) тараптарынын конференциясынын 16-сессиясынын алкагында өттү.

Саммитте мураскер ханзаада – Сауд Аравия Падышалыгынын премьер-министри Мухаммед бин Салман Аль-Сауд жана аталган иш-чаранын теңтөрагалары Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун президенти Ажай Банга сөз сүйлөштү.

Саммиттин аракеттери БУУнун учурдагы талкууларына жана суу ресурстарын глобалдык башкарууну жакшыртуу процессине көмөктөшүүгө, суу менен камсыздоо жана башка башка иш-аракеттерди тездетүүгө багытталган.

"Бирдиктүү суу" саммитинин иш жүзүндөгү максаты 2026-жылы БУУнун суу ресурстары боюнча кийинки конференциясына даярдык көрүү жана буга чейинки "Бирдиктүү планета" саммиттерине ылайык мамлекеттер, эл аралык уюмдар, жергиликтүү бийлик органдары, өнүктүрүү уюмдары жана жеке банктар, ишканалар, кайрымдуулук уюмдары, илимий эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди стимулдаштыруу жолу менен долбоорлордун масштабын кеңейтүүнүн алкагында чечимдерди издөө үчүн инкубатор катары чыгуу болду.

Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Түркмөн элинин улуттук лидери, Түркмөнстандын "Халк Маслахаты" парламентинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Монголиянын премьер-министри Л.Ойун-Эрдэнэ, Пакистандын премьер-министри М.Шарифтин, ошондой эле жогорку кызмат адамдарынын, дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын жана компаниялардын башчыларынын катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий