• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Улуттук банк Бишкектеги үч алмашуу бюросунун ишин токтотту

Экономика 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Улуттук банк Бишкектеги үч алмашуу бюросунун ишин токтотту.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду.

1. 2022-жылдын 9-июнунан тартып 23-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Жайыл Баатыр көчөсү 1, «Фрунзе» соода борбору дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «ОПЦИЯ плюс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 5-июнундагы № 5982 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 115 («Дордой Плаза» соода комплекси, 1-кабат, В-10 б бутиги) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Топ Финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 12-январындагы № 6048 лицензиясы.

2. 2022-жылдын 9-июнунан тартып 18-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү 107, «Фрунзе» соода борбору дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий