• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Улуттук банк доллардын курсунун өсүшүн сезондук фактор менен байланыштырууда

Экономика 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Ал белгилегендей, жөнгө салуучу орган кырдаалды такай көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүп турат.

"КР Улуттук банкы 1993-жылдан бери өзгөрүлмө курс саясатын жүргүзүп келет. Акыркы убакта сунуштун үстүнөн суроо-талаптын өсүшү байкалды. Бул сезондук факторго байланыштуу. Валюта курсунун өсүү динамикасын карасаңыз, анда өткөн жылдарда бул да сезондуктан улам болгон. Төртүнчү квартал дайыма күз-кыш мезгилине импорттук товарларды даярдоо жана сатып алуу менен байланышкан. Валюта курсунун өсүшү жарандардын күтүүсүнө жана Кыргызстандын өнөктөш өлкөлөрүндөгү кырдаалга да байланыштуу", - деди ал.

Карабаева Улуттук банк кырдаалга мониторинг жүргүзүп жатканын жана алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында акча-кредит саясатынын инструменттеринин алкагында бардык зарыл чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Улуттук банк доллардын курсун 89,32 сомго чейин көтөргөн, ал эми коммерциялык банктарда долларды 89,72 сомго сатып алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий