• 87
  • 90.63
  • 0.79

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Экономика 0


Бишкек, 30.05.23. /Аида Тургунбекова - Кабар/. Улуттук банк башкармалыгы 29-майда эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды, чечим бүгүндөн тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, белгисиздик жагдайлардын таасиринде, бир калыпта болбостон, тышкы финансылык рыноктордо өзгөрүлмөлүүлүк сакталууда. Дүйнөлүк азык-түлүк жана мунай рынокторунда баа динамикасынын акырындап төмөндөшүнө карабастан, көпчүлүк өлкөлөрдө жогору инфляция деңгээли күтүлүүдө. Ал эми региондо инфляциянын акырындык менен төмөндөшү алгылыктуу фактор болуп саналат.

Ал Кыргызстанда 2023-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн айкын өсүш арымы 4,4 пайызды түзгөнүн белгиледи.

"ИДПнын жалпы көлөмүнүн өсүшү экономиканын негизги тармактарынын, айрыкча, кызмат көрсөтүүлөр секторунун оң көрсөткүчтөрү менен камсыздалат. Салык-бюджет жана акча-кредит саясатынын өз ара аракети орто мөөнөттүү келечектеги инфляциянын туруктуу динамикасы үчүн аныктоочу факторлордун бири болуп эсептелет. Ички суроо-талап реалдуу эмгек акынын туруктуу өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшү менен шартталат", - деди Султанкулов.

Ал 2023-жылдын башталышынан тартып Кыргызстанда керектөө баалары (2023-жылдын 19-майына карата) 4,2 пайызга жогорулап, инфляция деңгээли жылдык мааниде 11,2 пайызды түзгөнүн кошумчалады. Күндөлүк инфляциянын калыптанышына, негизинен, айрым административдик баалардын (тарифтердин) кайра каралышы, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баа конъюнктурасынын турукташуусу таасирин тийгизген.

"Улуттук банк тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардын натыйжасында, акча жана валюта рынокторундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда. Учурдагы акча-кредит шарттарын колдоо улуттук валютадагы аманаттарга болгон суроо-талапты сактоого жана калктын каражат топтоосуна өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү факторлор мурдагыдай эле сакталып турушу күтүлөт. Күтүлүп жаткан инфляция деңгээли тышкы шарттар менен катар эле, ички факторлордун да таасиринде калыптанат, анын ичинен, ички суроо-талаптын акырындап көбөйүшү, ошондой эле бир катар тарифтердин жана акциздердин жогорулашы негизгилерден болуп саналат. Ошол эле учурда, дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын динамикасы боюнча оптимисттик болжолдоолор ички баалардын өсүшүнө ооздуктоочу таасирин тийгизиши күтүлөт", - деди Султанкулов.

Ал белгилегендей, учурда орун алып турган шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, мурдагыдай эле, Кыргызстанда инфляция деңгээлин орто мөөнөттүү мезгилдеги максаттуу көрсөткүчкө чейин төмөндөтүүгө багытталган. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатына кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн.

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму план боюнча 2023-жылдын 31-июлунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий