Бишкек, 16.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансы рынокторунда түзүлгөн кырдаалга дайыма көз салып турат жана зарыл болгон учурда курстук кескин өзгөрүүлөрдү текшилөө үчүн жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык тиешелүү чараларды көрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук банктан билдиришти.
Өлкөнүн негизги банкынын маалыматы боюнча, ички валюта рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун балансы ар кандай факторлорго (себептерге) көз каранды, алардын арасында учурда сезондук факторду бөлүп көрсөтүүгө болот.
“Жылдын аягында жана жыл башында импорттоочу компаниялардын аткарылган келишимдер боюнча төлөөлөрү жана жаңы келишимдерди түзүү зарылдыгына байланыштуу иштери активдешери белгилүү. Дүйнөлүк геосаясий кырдаал жана тышкы каржы рынокторундагы белгисиздик валюта рыногуна белгилүү бир таасирин тийгизет. Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстандын банк сектору стабилдүүлүктү колдоо жана ар кандай соккулардын таасиринин шарттарында пайда болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн жетиштүү ресурстарга ээ”, - деп белгилешти Улуттук банктан.
Пикир
Оставить комментарий