• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улуттук банк валюта базарына интервенция жасап, 26,8 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенцияны жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 6,2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 20,6 млн доллар саткан.

Бул ноябрь айында жасалган биринчи интервенция, жалпысынан алганда Улуттук банк быйыл валюта рыногуна 16-ирет интервенция менен чыгып жатат.

Белгилей кетсек, АКШ доллары 85 сомдон сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий