• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Эсептөө палатасы Статкомдо бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүздү

Экономика 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Эсептөө палатасы 2020-2022-жылдарга карата Улуттук статистикалык комитетинде жүргүзүлгөн шайкештик аудит жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, аудиттин жүрүшүндө 2022-жылга карата соода жүгүртүүнүн, ресторандардын, мобилдик жана башка тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн, ошондой эле барлар боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн айрым көрсөткүчтөрү боюнча Улуттук статистика комитетинин маалыматтары Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарынан 371,4 млрд сомго көп экени аныкталган.

Бишкек шаардык статистика башкармалыгында башка чийки заттар жана материалдар боюнча 18,3 миң сом суммасында кем чыгуу аныкталып, аудит аяктаганда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө калыбына келтирилген.

Интеллектуалдык маалыматтар борбору тарабынан иштебеген жана капиталдык салымдарды талап кылган “Белек” пансионатына 424,8 миң сомго чарбалык товарлар сатылып алынган, бул борбордун рационалдуу эмес чыгымдары болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий