• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Улуттук банк валюта рыногуна 55,1 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 24-октябрда АКШ долларын сатуу боюнча бир айда экинчи жолу интервенция жасады.

Ошентип, финансылык жөнгө салуучу орган валюта рыногуна 55,1 млн доллар сатты, анын ичинен 28,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, 26,6 млн доллары бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептешүүлөр менен сатылган.

Эскерте кетсек, Улуттук банк айдын башында валюта рыногуна 54,5 млн доллар саткан.

Пикир

Оставить комментарий