Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Азыркы учурда ички валюта рыногундагы жагдай Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөштөрүнүн валюта рынокторунда жана тышкы финансы рынокторунда түптөлгөн жагдайга жараша калыптанууда.
Улуттук банктын маалыматына караганда, Россия экономикасына көрсөтүлгөн санкциялык басымдын кыйла күчөшү Россиядан капиталды алып чыгууга олуттуу тоскоолдуктарды киргизүүнүн негизги айкын себебинен болгон, кийинчерээк ушундай эле чаралар Казакстанда да киргизилген.
Россияда жана Казакстанда жабык капитал рынокторунун жана Кыргызстанда ачык капитал рыногунун натыйжасында Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасына талап жогорулаган. Мындай жагдайдан улам олуттуу таасир, нак АКШ долларынын тартыштыгына байланыштуу нак эмес жана нак АКШ долларынын алмашуу курстарынын ортосундагы ажырымдын кыйла өсүшү менен тастыкталууда. Ушундай эле кырдаал региондун башка өлкөлөрүндө да орун алган.
Өлкөдө экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана кризистик жагдайдан улам алгылыксыз кесепеттерди кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бир катар кризиске каршы чаралар көрүлгөн, анын ичинде коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна жана микрофинансылык уюмдарга өлкөнүн чегинен тышкары нак АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынган. Бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында капиталдын эркин жылышы каралган, бул жеке адамдарга жана юридикалык жактарга өлкөгө/өлкөдөн чет өлкө валютасын эркин алып кирүү/алып чыгуу мүмкүнчүлүгү берилген дегенди түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын экономикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өлкөдөн нак АКШ долларын алып чыгууга тыюу салуу киргизилген эмес, анткени мындай чектөөнү киргизүү өлкөдө экономикалык туруктуулукка жана калктын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Азыркы учурда байкалып турган нак АКШ долларынын жетишсиздигине өлкөгө нак АКШ долларын алып келүүнүн логистикалык процессинин бузулушу жана айрым адамдардын «орус рубли/АКШ долларынын» курстук айырмасынан пайда көрүү максатында алып сатарлык операцияларды жүргүзүүсү сыяктуу кошумча факторлор да өз таасирин тийгизип жатат.
Валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу жана капиталдын агылып чыгуусун төмөндөтүү максатында, Улуттук банк 2022-жылдын апрелинде Акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерге убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизген, ага ылайык эл аралык акча которуу системалары боюнча Кыргыз Республикасына келип түшкөн акча каражаттары жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же алуучунун макулдугу боюнча улуттук валютада - сом түрүндө гана берилет. Мында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун алкагында, 2022-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Улуттук банктын токтомуна ылайык, эл аралык акча которуу системалары боюнча келип түшкөн акча каражаттары алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында нак формада же чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстары маалымат тактасында көрсөтүлгөн (нак валютаны алмаштыруу үчүн сыяктуу) курс боюнча улуттук валютага конвертацияланган сом түрүндө берилүүгө тийиш. Банктык эсепке, банктык төлөм картына же Кыргыз Республикасынын банкы тарабынан эмитирленген электрондук капчыкка чегерилүүчү акча которуулар боюнча конвертациялоо дагы нак валютаны алмаштыруу үчүн белгиленген курс боюнча, тактап айтканда, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстары маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, валюталык алып-сатарлыкка жана банктар менен алмашуу бюролорунун сүйлөшүп алууларына жол бербөө үчүн, Улуттук банк алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын суммаларынын чегинде коммерциялык банктарга алмашуу бюролору менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө чектөө киргизген.
Улуттук банк мыйзам талаптарынын сакталышына, анын ичинде калкты тейлөө сапатына өзгөчө көңүл буруу менен коммерциялык банктардын ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Алсак, коммерциялык банктар: кредит берүү, депозиттерди кабыл алуу, нак эмес эсептешүүлөр, улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында да акча которуу системалары боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштоону улантууда. Ишкерлер тарабынан өлкө ичинде жана андан сырткары да тышкы экономикалык ишке тиешелүү операциялар боюнча нак эмес төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгү жана өз убагында төлөнүшү камсыз кылынат.
Нак чет өлкө валютасынын жетишсиздигинин байкалышы шартында коммерциялык банктар, өз ишинде тобокелдиктерди төмөндөтүү жана кардарлар алдындагы милдеттенмелерин аткаруу максатында, АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу жагында иштерди жүргүзүүдө. Бирок, орун алып турган шарттарда, алып-сатарлык операцияларынын көбөйүп жаткандыгын эске алып, коммерциялык банктар тарабынан нак АКШ долларын берүү/алмаштыруу суммасы боюнча чектөөлөр киргизилип жана/же кошумча комиссиялар белгиленип жатат.
Банктардын маалыматтарына ылайык АКШ долларын нак акчага айландыруу үчүн комиссиянын минималдуу өлчөмү нак акчага айландырылып жаткан чет өлкө валютасынын суммасынан 0,4%, ал эми максималдуу өлчөмү 5% түзөт. Мында банк мыйзамдарында банктар тарабынан керектөөчүлөр үчүн маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен, өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн комиссиялык сый акылардын жана тарифтердин өлчөмүн өз алдынча белгилөө каралган.
Улуттук банк банктардын, алмашуу бюролорунун ишине көзөмөлдү күчөттү жана жол берилген бузуулар үчүн таасир этүү чаралары колдонулуп жатат. Мындан тышкары, талаптагыдай банктык тейлөө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча калктын кайрылууларын ыкчам кароо максатында, Улуттук банктын коомчулук менен кайтарым байланыш каналы кеңейтилди. Коммерциялык банктар, алмашуу бюролору жана бизнес-коомчулук менен жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен банктык тейлөө, нак чет өлкө валютасы менен камсыз кылуу, төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча актуалдуу маселелерди жана банктык кызматтарды колдонуучулардан келип түшкөн башка маселелерди талкуулоо үчүн жолугушуулар өткөрүлүп жатат.
Улуттук банк жагдайга туруктуу көз салып, көзөмөлдөп турат, зарыл учурда өлкөнүн банк жана төлөм системасынын туруктуу жана коопсуз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.
Пикир
Оставить комментарий