• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Улуттук банктын “Финансылык сабаттуулук” боюнча көчмө лекциясы уланууда

Аймак 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Күн мурун Улуттук банктын Ош облусттук башкармалыгы пландын негизинде Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына “Финансылык сабаттуулук” темасында көчмө лекция өткөрдү.Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, лекциянын жүрүшүндө жарандарга Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды ишке ашырууну өнүктүрүү, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий