• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, илимий мекеме курулгандан бери бир да жолу ремонттолгон эмес.

“Учурда объекттин жарымынан көбүндө инженердик-коммуникациялык иштер ишке ашып, эшиктер, терезелер, паркеттер алмаштырылып, ички бөлмөлөр жана чатыр оңдолуп жатат”, - деди ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев Улуттук илимдер академиясынын имаратынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы башталганын, азыр анын биринчи этабы аяктап жатканын белгиледи.

“Имаратта суу түтүгү, канализация, жылытуу системасы, чатыр, фасад оңдолуп, терезелер калыбына келтирилди. Лифттер алмаштырылып, заманбап өрт өчүрүү жана муздатуу системалары орнотулууда”, - деп айтты Туманбаев.

Белгилей кетсек, Улуттук илимдер академиясындагы капиталдык оңдоп-түзөө иштери президенттин тапшырмасы менен аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий