• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Улуттук статистикалык комитетте Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бүгүн Бишкекте Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Бактыбек Кудайбергеновдун төрагалыгы алдында Дүйнөлүк банктын жакырчылык жана теңчилик боюнча дүйнөлүк практиканын жетекчиси Амбар Нараян жетектеген миссиясы менен жолугушуу болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

- Калктын жакырчылыгын жана бакубаттуулугун баалоо методологиясын өркүндөтүү, бул учурдагы кырдаалды так баалоого жана колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет;

- Өлкө экономикасында санариптик технологиялардын тез өсүп жаткан ролун чагылдырган санариптик экономиканы талдоо үчүн жаңы инструменттерди киргизүү;

- Статистикалык маалыматтарды чогултуунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “Санарип Аймак” ЖЧКсынын маалымат чогултуу системасын өркүндөтүү.

Ошондой эле “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары жана бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө өлкөнүн статистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө Дүйнөлүк банк менен туруктуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргеликте аткарылган иштер улуттук статистикалык көрсөткүчтөрдү олуттуу жакшыртууга салым кошуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлү туура башкаруу чечимдерин кабыл алууда жана стратегиялык пландарды даярдоодо статистиканын маанилүү ролун белгилеп, пландалган долбоорлорду ишке ашырууда Улуттук статистика комитетине мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар жигердүү кызматташууга жана Кыргызстандын статистикалык системасын өркүндөтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга умтуларын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий