Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер ОшМУда болду

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/.Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер Ош мамлекеттик университетинде болуп, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Улуу Британиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу алакаларын түзүү, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу, илим изилдөө, спорт жааттарында кызматташууларды жандандыруу боюнча сөз болду.

Окуу жайдын ректору учурда ОшМУнун Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Брунел университети менен кызматташуу алакалары жолго коюлгандыгын белгиледи. Докторлук даражаларды илгерилетүү аркылуу Кыргызстандагы илимий-изилдөө жана инновациялык потенциалды чыңдоого багытталган ДЕРЕККА долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Брунел университети менен коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина багыты боюнча магистратура жана PhD докторантура программаларын ишке ашыруу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Элчи Николас Боулер жогорку окуу жайлары менен кызматташуу багытында мамилелерди чыңдоого жана кызматаштыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын билдирди. Ошондой эле Улуу Британиянын өкмөттүк глобалдык программасы Чивнинг стипендиясы тууралуу маалымат берди. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун Кыргызстанга болгон расмий иш сапарында билим берүү тармагындагы кызматташтыктарга өзгөчө көңүл бурулгандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий