• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Унаа” мекемесинин бардык бөлүмдөрүндө техникалык мүчүлүштүктөр орун алууда

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрүндө техникалык мүчүлүштүктөр орун алууда.

Мекемеден билдиришкендей, бүгүнкү күндө мамлекеттик мекеменин бөлүмдөрүндө техникалык себептерден улам убактылуу токтоп калуулар уланууда. Убактылуу токтоп калуу транспорт каражаттарын каттоо системасындагы үзгүлтүктөр менен байланыштуу. Учурда үзгүлтүктөрдүн себептерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Мекеме келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана бөлүмдөрдүн иши боюнча маалымат алуу үчүн 0312 63 31 74, 0312 63 20 71 телефондоруна кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий