• 87
  • 89.63
  • 0.85

Унаа тыгыны. Бишкектеги көйгөйлүү аймактарды изилдөө боюнча комиссия түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкекбашкыархитектура" башкармалыгы жана райондук администрациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жол тыгындарын жоюу боюнча жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар аялдамаларды кеңейтүү, видеокөзөмөл аркылуу айдоочуларга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле көйгөйлүү аймактарды изилдөө боюнча комиссия түзүү маселелерин талкуулашты.

Коомдук транспортту “Коопсуз шаар” долбооруна кошуу сунушталууда.

Ошондой эле жол белгилерин, сызыктарды, жарыктандырууну жакшыртуу жана айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий