Унаада жайында өрт тутануу коркунучу жогору. Өрт эрежелерин эсиңизге сактаңыз!

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Унаадагы өрт өтө кооптуу абалды жаратат. Беш-алты мүнөттүн ичинде эле от тутанып, унаа күйүп кетиши мүмкүн. Өрт унаанын көбүнчө кыймылдаткыч бөлүгүндө, азыраагы кабинада, обочолонгон учурларда - сүрүлүүдөн улам шасси элементтеринде, мисалы, айдап баратканда кандайдыр бир тетик жарактан чыкса башталат. Автоунаа өрттөнгөн учурда кандай эрежелер сакталышы зарыл?

Бул ирет “Кабар” агенттиги айдоочуларга унаадагы өрт коопсуздук эрежелерин эске алуу керектигин белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир катар кеңештерин сунуштайт.

  • Автоунаанын ичи тез күйүүчү буюмдардан турат: күйүүчү май, желим, боек, ток өткөргүчтөр. Мындан улам унаада өрт тутанса 4-6 мүнөттө эле толугу менен күйүп кетерин эсиңизге түйүңүз. Ошондуктан өрт чыккан учурда, унааны дароо таштап чыкканга шашылыңыз. Күйүп жаткан унаадан жок дегенде 10-15 метр аралыкка чейин кетүү зарыл;
  • Өрттүн келип чыгышы эң алды менен айдоочудан көз каранды. Андыктан дайыма унааңыздын абалын дыкат карап, бузулган жери болсо адистерге оңдотунуз жана унаа ичинде сөзсүз өрт өчүргүч алып жүрүңүз;
  • Күкүм түрүндөгү өрт өчүргүч эң натыйжалуу. Мындай өрт өчүргүчтүн курамы түрдүү күйүүчү заттарды өчүрүүгө ылайыкталган. Айрыкча чыңалуу абалында турган электр каражаттарын өчүрүүдө жардам берет;
  • Өрт өчүргүч каражатын атайын адистештирилген дүкөндөн сатып алыңыз, алып жаткан учурда жарактуу мөөнөтүнө көңүл бурунуз;
  • Өрт өчүргүч унаанын арткы бөлүгүндө эмес, киши отура турган жеринде жайгаштырылышы керек. Бул кооптуу абал жаралган учурда тез арада чара көргөнгө ыңгайлуу жана жеңил.
  • Эгер өрт унаа башкарып бара жаткан учурда чыкса, 90 секунд ичинде андан чыгып кеткенге аракет кылыңыз. Бул аралыкта эң башкысы өзүңүз дүрбөлөңгө түшпөй, унааны элдерден жана имараттардан алыс ачык жакка токтотуп, керектүү документтериңизди алып чыгып кеткенге аракет кылыңыз;
  • Унаанын ылдамдыгын жогорулатпаңыз. Руль башкарып бара жатканда өрт коркунучу жаралса, унаанын ылдамдыгын эч качан жогорулатпаңыз. Бул өрттүн бат тутанып кетишине алып келет;
  • Эгер унаанын мотору жайгашкан жери күйүп жаткан болсо, таяк менен этият ачып, өрт өчүргүч менен өчүрүүгө аракет кылыңыз. Бул учурда кум, кар, топурактын да жардамы чоң;
  • Унаадагы өрттүн келип чыгуусунун себептери. Электр зымдарынын авариялык абалда болушу, айрым бөлүктөрдүн ысып кетиши, унаа ичинде чылым чегүү, кооптуу жүктөрдү туура эмес ташуу кырсыкка кабылган учурда өрттүн тутанышын шарттайт.
  • Өрт кырсыгын алдын алуу үчүн унаанын ичинде үч негизги каражат болушу шарт: медициналык кутуча, өрт өчүргүч жана синтетикалык эмес жапкыч.

Пикир

Оставить комментарий