• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Уралдын баш калаасында этномаданий боз үй шаарчасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Екатеринбург агломерациясына кирген Россиянын Свердлов облусунун Сысерт шаарында этномаданий боз үй шаарчасы ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, долбоор туризм тармагындагы кыргыз-орус аймактар аралык жана муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында "Белая Лошадь" ат клубу жана кыргызстандык "Инфо Сервис Компани" туристтик компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылды.

Иш-чарага Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, Уралдын борборунда аккредиттелген дипломатиялык корпус, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун тейлөөчү аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери жана эмгектенип жатышкан мекендештер катышты.

Ачылышында Башкы консул Максат Тентимишов, Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары Олег Александрин, Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова, Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Жаштар саясаты, дене тарбия, спорт жана туризм боюнча комитетинин төрайымы Елена Чечунова, Сысерт шаардык округунун башчысы Дмитрий Нисковских жана "Белая лошадь" ат клубунун ээси, Сысерт шаардык округунун Думасынын төрагасы Илья Тугбаев сөз сүйлөштү.

Максат Тентимишов белгилегендей, Россияда боз үй шаарчасынын аналогу жок. Бул туристтик долбоор Урал федералдык округунда гана эмес, бүтүндөй Россияда биринчи жолу ишке ашырылып жатат.

"Биз Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын аймактарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өз ара илгерилетүүгө кызыкдарбыз. Боз үй шаарчасында болгон туристтер кыргыз элинин маданияты, каада-салты, тарыхы менен таанышат жана алар Кыргызстанга келип, жаратылыштын улуулугун жана республиканын кооз жерлерин өз көздөрү менен көргүсү келээрине ишенем", - деп баса белгиледи ал.

Салтанаттуу бөлүктөн кийин коноктор жана катышуучулар фото көргөзмөгө жана боз үй шаарчасына экскурсияга чакырылып, улуттук тамак-аштар менен суусундуктардан даам татышты. Бул учурда кыргыз жана орус чыгармачыл топтору тарабынан сахнада элдик ырлар жана күүлөр, ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндүлөр жаңырды.

Маалымат үчүн: Боз үй шаарчасында 10 турак-жай боз үй тигилип, алар туристтер үчүн жыл бою ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттар менен жабдылган: уктоочу жай, жуунучу бөлмө, телевизор, жылытуу жана кондиционер.

Пикир

Оставить комментарий