Урмамбетов ЖКККББ кызматкерлеринин туристтик сезон маалындагы ишин текшерди

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов туристтик сезон маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле министрдин орун басары ЖКККББнын Чүй жана Ысык-Көл облустук башкармалыктарынын дагы ишин көзөмөлдөдү.

Текшерүү учурунда Урмамбетов ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн өздүк курамына туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарынын санын азайтуу, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле кызматкерлердин кызмат өтөө даярдыгына, алардын кызматтык документтеринин, күбөлүктөрүнүн жана төш белгилеринин, сырткы көрүнүшүнө, райондун жана облустун аймагындагы ыкчам абалды билүүсүнө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата багыты боюнча ылдамдыкты одоно бузган айдоочулар аныкталып, ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов жеке өзү жол кыймылынын эрежелерин бузууга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Урмамбетов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилерине жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жайкы туристтик сезон учурунда жол кырсыктарын азайтуу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле кызматкерлерге күн сайын жол кыймылынын катышуучулары арасында жол эрежесин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана
жол эрежелерин одоно бузгандарга, анын ичинде мас абалында унаа айдагандарга карата катуу чараларды көрүү милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий