• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кыргызстандын көкпар курамасы финалда жеңилүү ызасын тартты

Спорт 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча финалдык беттештер аяктады.

Финалда Кыргызстан менен Казакстан курама командалары кез келип, 5:4 эсебинде казактар жеңишти илип кетти.

Негизги убакыт 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кошумча берилген убакытта Казакстан командасы биринчи болуп упай алууга жетишти.

Жыйынтыгында көкпар оюну боюнча Казакстан 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду, Россия 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий