• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Венгрияда Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. 6-7-декабрда Венгриянын (Мажарстан) Лакителек шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында 2023-жылы ачылган жана Кыргызстандын чегинен тышкары биринчи жолу орнотулган улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелигине гүлчамбар коюлду. "Манас" театрынын манасчылары Р.Исаков жана Н. Талантбеков эпостон үзүндүлөрдү аткарып, Мажарстандын жерин Манастын руху менен толтурду.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө Мажарстан парламентинин вице-спикери Ш. Лежак, Кыргызстандын Мажарстандагы элчиси Талантбек Кушчубеков, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Г. Абдыкалыкова, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев жана маданий жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Кыргызстандын элчиси Кушчубеков "Манас" эпосунун элдерди бириктирген жана муундарды шыктандыруучу уникалдуу маданий мурас катары маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал эми министрдин орун басары Г. Абдыкалыкова Саякбай Каралаевдин эпосту сактоого жана жайылтууга кошкон салымын белгилеп, "Манас" эпосу кыргыз элинин бай тарыхынын жана руханий баалуулуктарынын символу катары эл аралык кызыгууну жаратып жатканын айтты.

Иш-чарага өзгөчө кооздук тартуулаган Кыргызстандын Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын студенттери болду. Алар Кыргызстан маданияты боюнча презентация жасап, кыргыз улуттук бийлерин жана комузда музыкалык чыгармаларды аткарышты.

Пикир

Оставить комментарий