• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ветеринардык кызматка жыл башынан бери кызмат көрсөтүүдөн 197 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Ветеринардык кызматтын атайын эсебине жыл башынан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 197 млн сом акча каражаты түштү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91,6 млн сом болсо, 11 айда 197 млн сомго аткарылды.

Анын ичинен:

  • ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун атайын эсебине – 103 763,9 миң сом;
  • райондук башкармалыктардын атайын эсебине – 66 767,0 миң сом;
  • ветеринардык дары каражаттары департаментинин атайын эсебине – 26 514,6 миң сом түшкөн;

Каражаттын эсебинен эмгек акыга - 118 227,3 миң сом, Социалдык фондго - 20 394,2 миң сом, киреше салыгына - 11 822,7 миң сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий