• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбагандарга дээрлик 500 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбагандарга дээрлик 500 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ишкердик субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилген соң, Ветеринардык кызмат тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча 1-июлдан тартып пландуу текшерүүлөрдү баштаган.

III кварталдагы пландык текшерүүлөргө Экономика жана коммерция министрлиги менен 1290 субьект макулдашылып, Ветеринардык кызматтын шаардык жана райондук башкармалыктары тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Пландык жана плансыз текшерүүлөрдө ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбаган субьекттерге 456 миң 500 сом айып салынды.

Белгилей кетсек, мораторий киргизилгенине байланыштуу быйылкы жылдын 6 ай аралыгында Ветеринардык кызмат текшерүүлөрдү жүргүзгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий