Жогорку Кеӊеште радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өкмөттүн маалыматы угулууда

Коом 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулууда

Мындай чечим Тоӊ районундагы Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кенинен келип чыккан нааразычылыктардан улам кабыл алынган. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов азыркы учурда Кызыл-Омполдо жайгашкан уран кениндеги жумуштар толугу менен токтотулганын, анда колдонулган техникалардын баары чыгарылып кеткенин билдирди. «Ал жердеги «ЮрАзия» компаниясы Кыргызстанда 2004-жылы катталган. Анын кенди иштеткен лицензиясы жок экен. Ал 2010-жылы кенди чалгындоо үчүн лицензия алган, ал 2020-жылга чейин жарактуу. Бирок, жаӊыдан лицензия алмайынча кенди иштете албайт», - деди ал.

Кыргызстандын аймагында радиациялык калктар сакталган 92 жай бар экени, анын ичинде 60 калдык сактоо жайы Өзгөчө кырдаалдар министринин карамагында турганы, ирилери Майлуу-Сууда, Миӊ-Кушта, Кажы-Сайда жайгашканы белгилүү болду. «Ушу тапта радиациялык 33 калдык сактоо жайына көзөмөл жүргүзүлүүдө. радиациялык 33 калдык сактоо жайын кармоо жана тейлөө көп каражатты талап кылат. Ошондон улам, биз эл аралык уюмдарды тартууга аргасызбыз», - деди биринчи вице-премьер.

Андан тышкары, өкмөт өкүлү жергиликтүү тургундардын ден-соолугун радиациялык нурдануудан коргоо, ар кандай кырсыктардан сактоо максатында, эл аралык уюмдардын көмөгү менен бир катар райдиациялык калдыктар сакталган жайларды бекемдөө жана рекультивациялоо жумуштары жасалып жатканын билдирди. «Ошону менен бирге, рекультивациялоо жумуштарына жыл сайын мамлекеттик бюджеттен дагы кошумча каражат каралууда», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кенин иштетүүгө нааразы болгон жарандар Балыкчы жана Бишкек шаарларында митинг өткөрүшкөн. Ошондон лум, Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу Кыргызстанда уран иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу боюнча демилге көтөргөн.

Пикир

Оставить комментарий