• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошко Екатеринбургдан кыргызстандык 239 жаран кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда Ошко «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 239 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар, - деп кабарлайт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

Бул каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларынын студенттери, КРга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мантийск, Новый Уренгой, Курган жана Пермде жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Урал аба жолдору» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий