Бишкек, 15.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. "Ынтымак Ордодо" 2026-жылы Кыргызстанда өтчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө буга чейинки кошуна өлкөлөрдө өткөн оюндардын артыкчылыктары, айрым мүчүлүштүктөрү тууралуу маалыматтар берилип, алдыдагы оюнда эске алуу зарылдыгы айтылды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору.
Белгилей кетсек, уюштуруу комитетине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу, спорттук бөлүк боюнча оюндардын эрежелерин бекитүү, пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымды эсептеп чыгуу тапшырмасы берилген.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016, 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. Андан кийин 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.
Пикир
Оставить комментарий