• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз улуттук университетинде Түрк маданияты жана мурасы борборун ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда алгач комитет төрайымы Винера Раимбачаева Актоты Раимкулова Түрк маданият жана мурасы фондусунун президенти кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле тарыхый байланышы терең, боордош элдердин маданий алакасын арттырууда аталган фонддун көмөгү өтө маанилүү экенин айткан депутат: “Бабалардан калган баалуу мурастарыбызды кийинки муундарга калтыруу башкы милдетибиз. Андыктан, маданият жаатында тыгыз кызматташып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди.

Өз кезегинде, Актоты Раимкулова Түрк маданияты жана мурасы фондунун ишмердүүлүгү жана жасалып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал муну менен катар улуу акын Алыкул Осмоновдун Бишкек шаарындагы үй-музейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Түрк маданияты жана мурасы борборун ачуу, Кыргызстандын аймагындагы тарыхый архитектуралык эстеликтерге кам көрүүгө байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу аракети көрүлүп жаткан белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда материалдык жана материалдык эмес мурастарды коргоону, сактоону камтыган эки тараптуу негизде өткөрүлүүчү түрдүү иш-чараларга маданият ишмерлеринин, эксперттеринин катышуусун камсыздоо маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий