• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Ыйман Нуру”: Ыймандуу бийлик – татыктуу жашоо!

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Ыймандуу бийлик – татыктуу жашоо! Мына ушундай чакырыктын, эки күчтүү харизмалуу лидерлер – финансист Чынгыз Макешов жана коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун «Ыйман Нуру» акыйкаттыктын жана өнүгүүнүн партиясынын желеги астында алдыдагы шайлоого бара жатат.

«Ыйман Нуру» саясий партиясы Кыргызстандын идеяга бай, бийик саясий максаттары жана конкреттүү тапшырмалары бар жарандарынын демилгелүү биримдигинен башталган. Партия Конституцияга, өлкөнүн мыйзамдарына, партиянын уставына жана программасына ылайык, ыктыярдуулук, тең укуктуулук, ачык-айкындуулук жана мыйзамдуулук принциптери менен бирге өлкөнүн бардык аймактарында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Шайлоо алдындагы программасы жөнүндө

«Ыйман Нуру» өзүнүн шайлоо алдындагы программасында кен байлыктарды жана ресурстарды тең бөлүштүрүү аркылуу республиканын ар бир жаранына карата болгон акыйкаттуулукка өзгөчө көңүл бурду. Анын ишинин дагы бир багыты болуп кыргызстандык жаштардын прогрессивдүү жана жаркын келечеги болуп саналат – бул билим алуу үчүн тең укуктуу баштапкы мүмкүнчүлүктөр жана стартап-инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү аркылуу жүзөгө ашат. Партиянын программасында негизги беш багыт бар, ага бардык көңүл жана иш-аракет багытталат.

Эгер Жогорку Кеңешке өтсө, партия эмнелерге умтулат:
1. Өлкөнүн кен-байлыктарын жана ресурстарын калыс жана жекелештирип бөлүштүрүүгө
2. Билим берүүдө жаштарга бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө
3. Кыргызстандагы банктык тутумдарды өзгөртүүгө
4. Он миңдеген стартап-инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү менен жумуш орундарын түзүүгө
5. Кыргызстанда соттор адамдар адилеттүүлүктү жана өз укуктарын коргой ала турган орган болбой калды. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн чечкиндүү мыйзамдык чараларды кабыл алууга.

Партия "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынан КР ЖК өкүлдөрүн жана Президентти чыгаруу менен бул комиссияга аксакал соттордун өкүлдөрүн киргизүүнү караган нормаларды кошуу менен КР Конституциясына, «Соттор Кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы жөнүндө», «КР Соттордун статусу жөнүндө» КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жетишет.
Ошондой эле партия судьялык кызмат ордуна укук коргоо органдарында жана соттордо милдеттүү түрдө 10 жылдан ашык эмгектенген, юридикалык жогорку билимге ээ, жөндөмдүү, абройу кынтыксыз талапкерлер көрсөтүлүшүн камсыз кылууну көздөйт.

Талапкерлер жөнүндө

Партия депутаттыкка талапкер билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо маселелерин терең түшүнүп, бюджет менен иштей билген, каржы деген эмне экенин түшүнгөн жана аны приоритеттүү колдоно алган адам болушу керек-деп эсептейт жана ошондой адамдарга ишеним артат. Демек, партияда олуттуу иш тажрыйбасы жана терең руханий баалуулуктары жок адамдарга орун болбойт.

Ошондой эле талапкер күчтүү жеке сапаттарга ээ болушу керек, бирок эң негизгиси, ал өзү өкүл болгон аймактык парламентте эл алдында өзүнө жоопкерчиликти алууга даяр болушу зарыл. А “Ыйман Нурунда” ушундай күчтүү адамдар бар.

Чынгыз Макешов — финансылык аналитик, ийгиликтүү бизнесмен жана жетекчилик жаатта тажрыйбасы бар адам. Макешов дээрлик он жыл бою Кыргызстандын экологиясын коргоп келген. БУУнун Кыргызстандагы түзүмүндөгү карьералык тепкичине жетип, туу чокусуна көтөрүлүп, Ишкердикти өнүктүрүү мамлекеттик фондусун ири жоготуулардан миллиондогон долларлык кирешеге жеткирген. Ошондой эле жеке инвестициялык долбоорлору аркылуу 3 миңден ашуун жаш стартаптардын идеяларын иш жүзүнө ашырган.

Нуржигит Кадырбеков — руханий жана коомдук ишмер. Эмгек тажрыйбасында ал, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, президенттик аппараттын бөлүм башчысынын орун басары болгон. 2015-жылдан бери «Ыйман» руханий маданиятты өнүктүрүү фондун жетектеп келет. Акыркы иштеген жери - Маданият министринин орун басары.

Динара Ашимова - партиядагы аялдардын жүзү. Эки жогорку билими бар. КР Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын саясат таануу адистиги боюнча аспирантураны аяктаган.
1997-жылдан баштап Жалал-Абад, Ош облустарында прокуратура органдарында, Башкы прокуратурада иштеген, Бишкек шаарындагы Бирнчи Май жана Ленин райондорунда прокурордун орун басары, Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары болуп иштеген. 2-класстагы юстициянын кеңешчиси класстык чиндин ээси (прокуратуранын подполковниги). Үч балалуу.

Партиянын башка партиялардан өзгөчөлүгү

«Ыйман Нуру» саясий партиясы — бул бийликти алууга жана жүзөгө ашырууга багытталган жана кеңири масштабдуу колдоого умтулган улуттук жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу иштеген уюм. Партия идеологиялык жана саясий көз караштары окшош жана мамлекеттик бийликке умтулган социалдык топтордун эң активдүү өкүлдөрүн бириктирет.

Материал "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий