• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ысык-Ата районунда заманбап жаңы МТС ачылды

Экономика 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында "Бай Дыйкан" ишканасынын базасында жаңы ири агромаркетинин жана машина-трактордук станциянын (МТС) ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Ал иш-чарада сөз сүйлөп, Кыргызстанда 1 млн 200 миң гектар айдоо жери бар экенин жана орто эсеп менен 20 миң трактор керектелерин белгиледи.

"Көпчүлүк жерде техника жетишсиздиктен агротехнология толугу менен аткарылбай канаттандыраарлык түшүмгө жетише албай жатабыз. Ушул көйгөйдү чечүүчү жолдорунун бири региондорго жергиликтүү МТСтерди түзүү. Эгерде түзүлгөн МТСтер фермерлерге өз убагында сапаттуу тейлөө көрсөтсө, агротехнологияларды толук аткарса, сапаттуу үрөн жана жер семирткичтерди колдонсо биздин дыйкан сөзүз түрдө жогорку көлөмдөгү түшүмгө жетишет", - деди Төрөбаев.

Жаңы ачылган МТС – 2 Zoomlion RG 2004 трактору, 1 RS 1604, 1 RN 1104 жана 1 RN 904 фронталдык жүктөгүч сыяктуу бир катар заманбап жаңы техникалардан турат. Мындан сырткары, жер семирткичтерди чачуу, өсүмдүктөрдү зыянкечерден дарылоо үчүн агродрондор, учуучу жеңил авиация менен да камтылган. Бул техникалар дыйкандарга жер иштетүү процесстерин оптималдаштырууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берген эффективдүү жер иштетүү кызматтарын көрсөтөт. Ошондой эле, бул жерден фермерлер үрөндөрдү, жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, ветеринардык дарыларды жана башка продукцияларды таап, айыл чарба маселелери боюнча кеңеш ала алышат.

МТС – бул агрардык секторду өнүктүрүүнүн символу жана айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жасалган кадам. МТС дыйкандарды заманбап жабдуулар жана технологиялар менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Бул маанилүү иш-чара жергиликтүү фермерлерди колдоого жана аймактын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жаңы түзүлүп жаткан МТСтерди жана биргелешип иштешкен дыйкандарды толук колдоого даяр. Себеби биргелешип иштешкенде дыйкандардын түшүмү бир стандартта болуп, керектүү көлөмгө жетип, экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Дыйкан өндүргөн продукция кайра иштетилип экспортко чыкканда гана, айыл чарбабыз өнүгүп дыйкандын кирешеси жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий