Бишкек, 16.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. "Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жана Ош облусунун Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана айыл өкмөттөрүнө 25 унаанын ачкычын тапшырды.
Минкаб башчысы тапшырылган унаалар аталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн ишин жакшыртып, натыйжалуулугун арттырат деген ишенимин билдирди.
Президентинин жарлыгынын алкагында пилоттук административдик-аймак катары тандалып алынган Ош облусунун Өзгөн районуна 14, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна 11 унаа берилди.
Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформа аймактарды өнүктүрүүдө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда маанилүү кадам болуп эсептелет.
Пикир
Оставить комментарий