• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Атада бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-ноябрь күнү Ысык-Ата РИИБне арыз менен Новопокровка айылынын 1988-жылы туулган Х.Т. аттуу тургуну кайрылган. Арызында ал белгисиз жаран анын үйүнө эшигин талкалап кирип, жалпысынан 235 миң сом турган алтын буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Чүй ОИИББнин жана Ысык-Ата РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип мурда соттолгон 1999-жылы туулган Ш.Т. аттуу жаран кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштө кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып уурдалган алтын буюмдарын өз калоосу менен кайтарып берген. Милиция кызматкерлерин жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү адам Ысык-Ата районунда дагы 10 факты боюнча уурулукка катышы бар экендиги аныкталды.

Учурда шектүү кармочуу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий