• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ысык-Атада "Камкордук" аталышындагы алдын алуу багытындагы рейд өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрынан 19-ноябрына чейин Ысык-Ата райондук ИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун демилгеси менен "Камкордук" аталышындагы алдын алуу багытындагы рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулук жана тартип бузууларды алдын алууга багытталган. Рейд учурунда билим берүүчү жайларда лекциялар окулуп, коомдук жайлар, базарлар, оюн-зоок клубдары жана башка жайларда текшерүү иштери жүргүзүлдү.

17-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда жайгашкан 3 базарда текшерүү иштери жүргүзүлүп, 20дан ашуун орто мектепте лекциялар окулду. Текшерүү учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 5 жаш өспүрүм аныкталып, аларга тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн социалдык өнүктүрүү кызматына өткөрүп берилди.

Рейд учурунда түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүргөн 10дон ашуун өспүрүм аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан соң өспүрүмдөр ата-энелерине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий